Эс алуу укугуIg X YA_J: лkjoKr3hяme BsS 81yKkTO tHS 12G
Эс алуу укугу – адамдын конституциялык (кененирээк алганда экономикалык) негизги укуктарынын бири. Э. а. у. жумушчу күнүнүн узактыгын (адатта 8 саат) чектейт, эс алуу жана майрам күндөрүн, жылына бир ирет төлөнүүчү эмгек эс алуусун ж. б. белгилейт. Э. а. у. КР Конституциясында белгиленген, ага ылайык жумуш убактысынын эң узактыгы, жума сайынкы эс алуу жана жыл сайын берилүүчү эмгектик эс алуу, ошондой эле Э. а. у-гун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7